Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.04.2016 14:55

Кара-Балта шаарындагы «Соловушка» вокалдык ансамбли аймактар аралык сынакта жакшы жетишкендик жаратты

Turmush -  Бишкек шаарында «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» деген аталыштагы вокалдык сынакта өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу өспүрүмдөр күч сынашты. Ага Кара-Балта шаарынан «Соловушка» вокалдык ансамбли катышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, сынакты ЮНЕСКОнун клубу уюштурду. Уюштуруу иштерине ЮНЕСКОнун иштери боюнча КРнын улуттук комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги колдоо көрсөттү. Сынактын жыйынтыгы менен «Соловушка» ансамбли жакшы көрсөткүчкө ээ болду.

12-14 жаштагы катышуучулар арасында 1-орунду Екатерина Тимошенко ээлесе, 7-11 жаштагылар арасындагы сынакта баш байгени Белек Мухтарбеков багындырды.

Жыйынтыгында «Соловушка» ансамбли вокалисттер сынагынын 16-апрелде өтө турган республикалык туруна жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×