Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.03.2016 10:16

Кара-балталык 16 жаштагы мушкер А.Бердибеков Якутск шаарында өтө турган мелдешке жолдомо алды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 15-16 жаштагы өспүрүмдөр арасында бокс боюнча КРнын биринчилиги өттү.

Бул мелдешке Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан 2 мушкер катышты, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, шаардагы «Манас» спорттук комплексинде Руслан Байсариевдин машыктыруусундагы Темирлан Илязов 42 кг салмактар арасында 3-орунду ээледи.

Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы «Булгаары колкап» спорттук комплексинде Павел Кутуковдун машыктыруусундагы Айдар Бердибеков 54 кг салмактар арасында 1-орунду камсыздады.

Муну менен А.Бердибеков спорт чеберинин кандидатынын нормативдерин аткарып, Саха Республикасынын Якутск шаарында өтө турган мелдешке жолдомо алды.

image

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×