Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.03.2016 17:43

Айыл турмушу: Европада 12 жыл жашап келген кара-балталык Н.Курилова түрдүү гүлдөрдү жасоо менен алектенет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын жашоочусу Наталья Курилова катуу кездемеден гүлдөрдүн түрүн жасайт. Буга чейин ал тортторго гүл түшүрүү менен алектенген.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде шаарга жакында эле келгенин, ага чейин 5 жыл Ирландияда, 7 жыл Испанияда жашагандыгын билдирди.

«Жолдошум экөөбүз тең Кыргызстанда төрөлүп, өскөнбүз. Ошондуктан өз мекенибизге кайтып келдик. Мен кесибим боюнча химия мугалимимин, бирок Ирландияда бул багыттагы мугалимдер жетиштүү болгондуктан торт бышырууну үйрөткөн курстарга бардым. Испанияда жашап жүргөндө торт жасап, аларга кооз гүлдөрдү түшүрүп иштеп жүрдүм. Бул жакка келгенден кийин андай тортторду жасабай калдым. Анткени бул жерде элдин менталитети башка, андай кооздолгон тортторго суроо-талап жок. Бирок мен үйрөнгөн нерсемди колдонуу үчүн ар кандай каражаттардан гүлдөрдү жасоону чечтим», - деди Н.Курилова.

Анын айтымында, гүлдөр жапон техникасынын жардамында колго жасалат. 24 сааттын ичинде желим менен чапталган жерлери кургайт. Наталья негизинен орхидея, имбирь өңдүү тропикалык гүлдөрдү жасаганды жактырат. Гүлдүн бир композициясын жасоого орто эсеп менен 3 күн убакыт сарпталат.

«Эгер мен бир нерсеге капалансам, анда шык жоголуп, гүл жасай албай калам. Кээде маанайым жакшы болгондо 1 сутка деле жылбай отуруп жасай берем. Гүл жасап жатканда мен бардык көйгөйлөрдү унутам, колум менен оюм чыгармачылык менен алектенгени менен өзүм кадимкидей эс алам. Бишкек шаарында өткөн жарманкеге катышып көрдүм. Элдер келип суктанып, кызыгып сураганы менен сатып алгандар дээрлик болгон жок», - деди ал.

Наталья эмгектерин жакын досторуна, туугандарына белекке берет. Эгер адамда каалоо болсо жасалма гүлдү жасаганды бары эле үйрөнө алат, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×