Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 04.03.2016 15:57

Айыл турмушу: Кара-Балтанын тургуну Р.Исмаилова боз үйлөргө эксклюзивдүү кооз жасалгаларды жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну, пенсионер Рапия Исмаилова бир нече жылдан бери боз үйгө жасалгаларды жасоо менен алектенет.

Ал жасаган эмгектери көрүнүктүү болушу үчүн ачык түстөгү кездемелерди тандап алат. Боз үйдүн ачык түстө жасалгаланышы майрамдык көрүнүштү берип турат.

«Боз үй — бул кыргыздардын жашаган үйү. Ал көчмөн элдин өзгөчөлүгү болгон. Акыркы убакта улуттук каада-салтка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Көпчүлүк адамдар жайкысын жайлоого барып, боз үй тигип жашашат», - дейт ал.

Р. Исмаилова боз үйдүн керегесин өзү туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Кызыл-Туу айылынан буюртма берип жасатат. Бүгүнкү күндө 6 чоң боз үйгө жасалгаларды жасаган. Буюмдар улуттук арнаменттерге топчуларды кошуп тигилгенди менен айырмаланат.

Ал кесиби боюнча тигүү иштери боюнча инженер, союз убагында тигүү фабрикасынын директору болуп иштеген. Бул жылы ал 7 боз үйдү Ысык-Көлгө алып барууну пландоодо. Ал жакта өзүнүн классташтары менен мектепти бүткөндүгүнүн 60 жылдыгын белгилешет.

«Балдарыбыз кичинекей болгондо пасионаттарга барып эс алууга каражатыбыз жетчү эмес эле. Биз үй-бүлөлүк боз үйдү алып, Кара-Балта шаарынан чыгып, Ысык-Көлдүн жээгине барып, отпуск бою эс алчубуз. Бул биздин үй-бүлөлүк салтыбыз болчу. Аны кайра жандандырууну пландап жатам», - деди ал.

Боз үйлөрдүн жасалгаларын ал сатпайт, бирок анын тажрыйбасын башкалар үйрөнүп, ушундай эле эксклюзивдүү жасалгаларды жасаса жакшы болорун айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×