Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.03.2016 16:26

Кара-Балта шаарынын окуучулары Кыргызстандын тарыхый жайларына саякат жасады (фото)

Turmush -  Тарых жана маданият жылына карата Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучуларынан түзүлгөн лектордук тайпа «Кыргызстандын тарыхый жайларына сапар» аттуу иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу аталган билим берүү мекемесинин жамааты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө 5-11-класстын окуучулары Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу кенен маалыматтарга ээ болду. Анда өлкөнүн бардык тармагында жашаган тургундардын салттары, облустардагы сыймыктуу жайлар тууралуу айтылды. Мындан тышкары балдар Кыргызстандын маанилүү, тарыхый жайлары туурасындагы видеотасма көрүштү.

Баткен шаарында өскөн айгүл гүлү, Токмок шаарындагы «Бурана» мунарасы, Кыргызстандын сыймыгы болгон Ысык-Көл, Сары-Челектердин баалуулугун түшүнүп, дал ушул жайларга жүздөгөн туристтер тартылып жатканынан маалымат алышты.

Мындай иш-чаралар балдардын Кыргызстандын тарыхын терең үйрөнүүсүнө шарт түзүп, аларды көпчүлүктүн алдында өз ойлорун ачык айтууга үйрөтөт.

малыши у глобуса

DSC_2856

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×