Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.03.2016 12:28

Кара-балталык спортчу дзю-до боюнча Кыргызстандын чемпиону аталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда 25-27-февралда жаштар арасында дзю-до боюнча республикалык чемпионат өттү. Ага 400дөй жаш өспүрүмдөр катышты. Жайыл районундагы балдар-өспүрүмдөр мектебинен 7 спортчу катышып, алардын бири 1-орунга ээ болду.

Машыктыруучу Козубай Шеркозуевдин айтымында, 81 кг салмак боюнча Жумали уулу Амантур чемпион аталып, Якутскта өтө турган Азиянын балдары чемпионатына жолдомо алды.

«Турнир жаштар арасында өткөндүгүнө карабай Амантур финалда өзүнөн улуу жана тажрыйбалуу атаандашка туш болду. Бирок кара-балталык спортчу жакшы күрөш көрсөтүп, жеңишке жетти. Жаш чемпион Якутск шаарында өтө турган Азиянын балдары мелдешине ушул жылдын июль айында барат», - деп билдирди машыктыруучу.

60

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×