Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.03.2016 19:09

Кара-балталык спортчу Илья Тяпкин 1,5 миң катышуучу менен өткөн эл аралык марафондо 5-орунду ээледи

Turmush -  Кара-балталык спортчу Илья Тяпкин 1,5 миң катышуучу менен өткөн эл аралык марафондо 5-орунду ээледи. Ал Израилде 26-февралда өткөн марафонго Кыргызстандын атынан катышкан жалгыз спортчу болду.

42 км 195 метрлик дистанциядагы мелдеште алдыңкы 4 орунду кениялык спортчулар ээлеп, марафондун жеңүүчүсү Уильям Кипроно Игун аталган аралыкты 2 саат 10 мүнөт 51 секундда басып өттү.

Ал эми Кыргызстандын спортчусу Илья Тяпкин марага 2 саат 22 мүнөт 34 секундда келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×