Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.02.2016 13:00

Кара-Балтадагы кесиптик лицейдин ветеринария багытында билим алган 2 студенти билим алууну Индонезияда улантат

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейдин ветеринария бөлүмүндө окуган 2 студент окуусун Индонезияда улантат.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, студенттер башка өлкөлөрдүн адистери менен тажрыйба алмашуу программасы аркылуу барат. Буга чейин аталган лицейдин мугалими Индонезиядагы улуттук ветенинардык борбордо болуп келген.

Кара-балталык студенттер Индонезияда акысыз жана кайтарымсыз түзүлгөн шартта 1 жыл окуйт. Андан кийин аларга эл аралык үлгүдөгү сертификат берилет.

Студенттер чет өлкөгө жолдомо алгандан мурун чет тилин окуп, үйрөнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×