Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.02.2016 11:18

Кара-балталык мугалим мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча окутуу программасын иштеп чыкты

Turmush -  Кара-балталык мугалим аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча окутуу программасын иштеп чыкты.

Кара-Балта шаарындагы №10 орто мектебинин мугалими Жамшит Шакиров бул окуу программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилгендигин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул усулдук программа Жайыл районундагы жана Кара-Балта шаарындагы мектептердин аскерге чейинки даярдык сабактарынан окуткан мугалимдери үчүн негизги окутуу куралы катары колдонулмак. Бирок аны басып чыгарууга каражат жок болуп жатат.

Автордун айтымында, аталган сабактан балдарды учурда бул багытта атайын даярдалбаган адистер окутат жана атайын окуу китептер жок.

«Мугалим өзү бир катарга тизилүү деген эмне, ички устав, тартиптик устав деген эмне экендигин билүү керек. Аскердик даярдыктан өтпөгөн адам бул сабак боюнча балдарга билим бере албайт. Анткени бул предметтен окуткан мугалим сөзсүз түрдө ок атуучу куралдын бардык түрүн колдонгонду билиши керек. Жакында биздин мектеп башка мектептерге күжүрмөн сабактар боюнча көргөзмө сабак өттүк. Анда бирибиз автоматты чачсак, кийинкибиз кайра кураштырдык, бирибиз газдан коргонуучу жабдыкты кийип, жарадар болгон адамды издедик.

Андан кийин жарадар болгон адамды көтөргүчкө салып, базага алып бардык. Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү аткарып бердик», - деди Ж.Шакиров.

Ал кошумчалагандай, аскерге чейинки даярдык сабагында балдарга алыс жана жакын аралыкка чуркоо, граната ыргытуу, автоматты чачуу жана топтоштурууну үйрөтүү зарыл.

Ошондой эле бир катарга тизилүү, курал колдонуу жана кол менен мушташууга басым жасалып, дене тарбиялык машыгуулардан тышкары мекенчилдик сезимин ойготуп, аны сүйүүгө үндөө керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×