Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.02.2016 19:03

Кара-балталык А.Сурков каратэ боюнча Азия чемпионатындагы жеңиши жөнүндө айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну Александр Сурков каратэ боюнча Азия чемпионатындагы жеңиши туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

А.Сурковдун маалыматында айтылгандай, 6-7-февраль күндөрү Индиянын Мумбай шаарында каратэ боюнча Азиянын 21-чемпионаты өттү.

Ага Кыргызстандын атынан эл аралык класстагы спорттун чебери, каратэ-до боюнча Азия жана Европа чемпиону Александр Сурков катышты.

Чемпионатка Индия, Перу, Шри-Ланка, Малайзия, Иран, Кувейт жана башка өлкөлөрдөн жалпысы 3000 спортчу катышты.

А.Сурков абсолюттук категорияда ката жана кумитэ бөлүмдөрүндө мелдешип, ката боюнча Индия жана Кувейттин спортчуларын жеңди.

Жарым финалдын жүрүшүндө, чемпионатка чейин 3 жума мурунку жаракаттарынын ооругандыгына карабастан Шри-Ланканын спортчусун жеңип, медалга ээ болду.

Кумитэ боюнча 2 айлампаны Александр оңой басып өтүп, 3-атаандаш менен болгон мелдеште жараатынын катуу ооруганы ага көп түйшүк алып келген.

«Мен бутума ооруну сездирбей турган мазь сүйкөп, кайра мелдешти улантып жаттым. Менин абалымды көргөн атаандаштар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жатышты. Мен негизинен колум менен коргонуп, колум менен сокку берип жаттым. Ошентсе да жарым финал менен финалда жеңишке оңой жеттим. Менин жеңгенимди көрсөткөн кезде кувейттик спортчунун машыктыруучу мени жактырбаган түр менен карады. Кыргызстандын спортчулары эң жогорку деңгээлде экендигин көрсөтө алганыма абдан кубанып жатам жана жеңишим менен сыймыктанам», - деди А.Сурков.

Муну менен А.Сурков Азиянын 3 жолку чемпиону болду.

2012-жылы ал алтын медалга ээ болсо, бул жолу күмүш медал менен кайтып келди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×