Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.02.2016 18:11

Эл аралык класстагы спорт чебери, каратэ-до боюнча Азия жана Европанын чемпиону А.Сурков Азия чемпиондугуна катышат

Turmush -  Эл аралык класстагы спорт чебери, каратэ-до боюнча Азия жана Европанын чемпиону кара-балталык Александр Сурков Индияда өтүүчү XXI Азия чемпиондугуна катышат.

Ал 4-февралда Индиянын Мумбай шаарына учуп кетет. Мелдешке WFSKO (World Funakoshi Shotokan Karate Organization) версиясы боюнча Азиянын күчтүү спортчулары катышмакчы. Ал эми Александр Сурков абсолюттук категориядагы ката жана кумитэ бөлүгүндө күч сынашат.

Белгилей кетсек, 2012-жылы ушундай эле мелдеште А.Сурков алтын жана күмүш медалдарды жеңип алган.

Сурковдун айтымында, ал жеңишке ишеним артууда. Бул жылдын алгачкы спорттук иш-чарасы экендигин белгилеп, алдыда Дүйнө чемпиондугуна жана VI Бүткүл дүйнөлүк оюндарына катышууну пландап жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×