Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.01.2016 14:24

Күндүн сүрөтү: Эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештен алтын талашкан казакстандык эгиздер

Turmush -  Мурда маалымдалгандай, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинде 22-23-январь күндөрү 12 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча 5-эл аралык мелдеш өттү.

Анын алкагында Казакстандын Тараз шаарынан келген эгиздер — 8-класстын окуучулары Даурен жана Даулет Амирхановдор 42 кг салмактар арасында 1-орун үчүн таймашты.

Эгиздер Даурен жана Даулет Амирхановдор

20160123_150634

Таймаш учурунда алар өздөрүнүн бир тууган экендиктерин унутуп, чыныгы мелдешти көрсөтүштү. Бирок алар бири-бирине абдан окшош болгондуктан айырмалап билүү калыстарга кыйынчылык жаратып жатты. Жыйынтыгында Даулет 1-орунду, Даурен 2-орунду камсыздады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×