Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.01.2016 10:13

Кара-Балта шаарында орус тили жана адабияты сабактарынын мугалимдери үчүн облустук семинар өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы А.С.Макаренко атындагы орто мектебинде 20-январь күнү Чүй облусундагы мектептердин орус тили жана адабияты сабактарынын мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, семинардын өзгөчөлүгү ага келген мугалимдер жөн гана угуп отурбастан өздөрү да активдүү катышып өз ойлорун айтышып, тажрыйба алмашканында болду.

Семинардын жүрүшүндө мугалим С.Досмамбетова интерактивдүү досканын жардамы менен билим берүүнүн жиктелген усулун көрсөтүп берди. Ал ооз эки түрдө гана айтып бербестен мугалимдерден иш жүзүндө аталган усулду аткаруусун талап кылды. Мугалимдер анын талабын кызыгуу менен аткарып беришти.

Мындан тышкары семинардын уюштуруучулары мугалимдерди жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо ыкмалары менен тааныштырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×