Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.01.2016 09:45

Айыл турмушу: Кара-балталык И.Абрамова фарфор жана желимден жасаган өзгөчө куурчактары менен сүйлөшүп, алардын ар бирине ат коёт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын жашоочусу, сүрөтчү Инесса Абрамова акыркы 10 жылдан бери сувенир сыяктуу куурчактарды колго жасоо менен алектенип келет. Мен жасаган куурчактар көпкө турбай, бат эле өз кардарларын таап сатылып кетет, деп билдирди ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

Инессанын айтымында, ал бала кезинен эле сүрөт тартып келет. Алгачкы тарткан сүрөтү портрет жанрында болгондугун эскерет.

«Мен куурчактарды сүйүп калгам, алар менен кадимкидей сүйлөшөм, ар бир жасаган куурчагым ага кандай ат коюу керек экендигин өзү айтат. Куурчактардын топтомун үйгө жыйнаганды орунсуз деп эсептегендиктен алар менен коштошууда көп кайгырбайм. Мен үчүн алардын сатылып турганы жакшы. Өткөн жылы Россияда өткөн көргөзмөгө 130 сүрөтүмдү алып барып, болгону үчөөнү кайра алып келдим. Калгандарынын бары көргөзмөдөн кийин сатылып кетти. Мындан тышкары куурчактарды да кубануу менен сатып алып жатышты. Бул жумуш аркылуу каражат тапканым үчүн гана эмес, мен жасаган буюмдар адамдарга эстетикалык рахат тартуулап жаткандыгы үчүн да өз жумушумду сүйөм», - деди И.Абрамова.

Ал белгилегендей, куурчак жасоо үчүн негизинен желим жана фарфор каражаттар керектелет. Андан кол өнөрчү падыша, эргежээл, түрк айымдарын, ханыша жана башка образдагы куурчактарды жасайт.

«Фарфорду кайнатам, ал эми желимди ээритем. Алгач зымдан куурчактын тулкусун түзүп алам. Андан кийин фарфор менен жаап чыгам. Колдору жана буттары желимден жасалгандыктан аларды кыймылдатууга болот. Мындан тышкары куурчактардын кийимдерин да өзүм тигем. Менин эң жакын жардамчым — жолдошум», - деп сөзүн жыйынтыктады И.Абрамова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×