Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 22.01.2016 18:32

Кара-балталык 2 окуучу Бишкекте өткөн самбо боюнча мелдеште жеңишке ээ болушту

Turmush -  Кара-Балта шаарынын эки окуучусу Бишкекте өткөн самбо боюнча мелдеште ийгиликтерге жетишти.

Мелдешке Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектептин окуучулары Ильяз Алиев жана Аман Ильязов катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 38 кг салмак даражасында күрөшкө түшкөн И.Алиев 3-орунга ээ болсо, А.Ильязов 50 кг салмак боюнча күрөшүп, 4-орунга ээ болду.

Аталган мелдеш Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы «Динамо» спорт клубунда 14-16-январь күндөрү өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×