Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 21.01.2016 18:43

Кара-балталык спортчулар атаандаштар жубу менен күрөшкөн мелдешке тандалат

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинин спортчулары тай жана бирмандык бокс, ошондой эле атаандаштар жубу менен мушташкан мелдештин тандоо туруна катышат. Мындай маалыматты бүгүн, 21-январда Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына КРнын бирмандык бокс федерациясынын президенти Каныбек Бекбоев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, профессионалдык тандоо мелдеши эртең, 22-январда Бишкек шаарындагы клубдардын биринде өтөт.

Бул мелдештин өзгөчөлүгү 2спортчуга 2 спортчу бир мезгилде каршы чыгат. Командалык мелдеш — бири-биринин күрөштөгү техникасы менен эсептешүүгө алып келет.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айынын аягында болгон мелдеште кара-балталык 3 спортчу бирмандык бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×