Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.01.2016 08:26

Кара-балталык окуучулар грек-рим күрөшү боюнча турнирдин алдыңкы орундарын ээлешти

Turmush -  Кара-балталык окуучулар грек-рим күрөшү боюнча квалификациялык турнирдин байгелүү орундарын ээледи.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, 11-12-январда Чүй облусундагы 13-15 жаштагы окуучулар арасында грек-рим күрөшү боюнча квалификациялык турнир өттү.

Мелдештердин жыйынтыгы менен «Манас» спорттук клубунда Игорь Коваленко машыктырган окуучулар алдыңкы орундарга жазылды.

30 кг салмактагылар арасында Эркин уулу Кожомкул 3-орунга, 33 кг салмактагылар арасында Ахмедов Азиз 2-орунга, 36 кг салмактагылар арасында Кан Анатолий 1-орунга жана Ахмедов Захид 2-орунга жазылса, 63 кг салмактагылар арасында Рустамов Руслан 1-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×