Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.01.2016 13:59

Айыл турмушу: Кара-балталык Г.Ленгниктин фарфордон жасаган өзгөчө сүрөттөрү

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Галина Ленгник фарфордон ар кандай кооз сүрөттөрдү жасайт.

Г.Ленгник Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал бала чагында сүрөт тартканды жакшы көрчү. Ал эми мындай фарфордон уникалдуу сүрөттөрдү жаратуу менен акыркы 15-20 жыл ичинде алектенип келет.

Учурда анын батиринде фарфордон тартылган 100дөн ашык сүрөттөрдөн турган 2 коллекциясы бар.

«Мындай жол менен сүрөт тартуу менин жашоомдо маанилүү орунга ээ. Анткени бул мен үчүн жөн эле убакыт өткөрүү эмес. Ар бир тарткан сүрөтүм мага тирүү нерседей сезилет», - деди Г.Ленгник.

Фарфор менен иштөө узак убакытты жана кылдаттыкты талап кылат. Алгач фарфорду кайнатып, андан соң аны муздатып, жууруп, аны бир аз коё туруу керек. Андан соң боёктор менен боёп, сүрөттү тартып алып, кургатуу, чаптоо иштери жүргүзүлөт.

5

«Ошондой эле кошумча ар кандай кооздук берүүчү бисер, кооз таштар, коралл, бермет жана металлдарды колдоном», - деди ал.

Мындай фарфордон жасалган сүрөттөр жасалышына жараша ар кандай убакытта даяр болот.

«Мисалы сирень гүлү тартылган сүрөттү 1 айда жасап бүттүм. Анткени анын ар гүлүнүн башын өзүнчө жасап, чаптап чыгууга туура келди», - деп кошумчалады ал.

Г.Ленгник эмгегин кайра кайталап, 2-жолу жасабайт. Ал тургай ал эмгегимди жактырышып, жасап берүүнү суранышса да жасалбайт, деди ал.

1

Айрымдары үчүн интернет жаңы идеяларга ээ болуу үчүн жакшы булак болуп эсептелсе, мен андан такыр эле баш тартып койгом, деп белгиледи ал.

«Анткени мен кайсы бирөөлөрдүн койгон шаблону менен бир нерсе жараткым келбейт. Сырткы дүйнө мени тескерисинче алаксытат. Мен өз жан дүйнөмдөн суурулуп чыккан идеяны ишке ашыргым келет. Ошондо гана рахат алам», - деди Галина.

Г.Ленгниктин кесиби — энергетик. Ал Москва энергетикалык университетин аяктап, Кара-Балтадагы тоо-кендерин иштетүү комбинатында жана басмаканада бир нече жыл эмгектенген. Бирок анын жан дүйнөсүнө дайыма сүрөтчүлүк жакын болчу.

«Дал ушул басмаканада иштеп жүргөн учурда чыгармачылыкка кызыгуум күчөдү. Анын үстүнө өндүрүш тармагында ишсиз калдым.

Ошол учурда дагы менин эң жакын адамым — атам өмүрдөн өтүп кетти. Ал эми бул чыгармачылыгым мендеги атамды жоготуу кайгысынан алаксышыма жардам берди жана бүгүнкү күндө да мага дем берип келет. Атам экөөбүздүн ички дүйнөбүз абдан окшош эле. Ошондуктан мен анын өлүмүн оор кабыл алдым», - деди Г.Ленгник.

Ал суткасына аз гана убакыт уктайт. Убактысынын көпчүлүк бөлүгүн сүйүктүү ишине коротот. Андан сырткары китеп окуганды жана лыжа тепкенди жактырат. Анын жашоодогу урааны — колуңдан келип турган ишти жогорку деңгээлде кылуу.

Ал эми анын тааныштары өнөрү менен акча табууну сунушташат. Бирок ал сүйүктүү иши менен акча табуу максатында алектенбей тургандыгын айтат.

Анын кызы учурда Москва шаарында жашайт жана ал бир нече жолу апасын Россияга жашоого чакырган.

«Мен кызымдын сунушуна дайыма жок деп жооп берем. Себеби мен Кыргызстанды, жашап жаткан Кара-Балта шаарын сүйөм.

Биздикиндей керемет живопистик булуң-бурчтарга толгон жерди кайсы жерден табууга болот? Менин бир нече эмгегим мекенимдин сулуулугун чагылдырууга арналган. Анын үстүнө сүрөтчүнүн өзүнө тиешелүү орду болушу керек. Ал эми андай эркиндик менде бул жерде бар. Акча табууну негизги максат кылып койгон учурда чыгармачылык жактан өсүү кыйын», - деп белгиледи ал.

Учурда ал эмгектерин Бишкек шаарына көргөзмөгө коюуга даярданып жатат.

Ал эми көргөзмөнү атамдын альпинист достору уюштуруп берүүдө, деп кошумчалады ал.

2

3

4

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×