Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 09.01.2016 11:55

Кара-Балтада мектептердин кол эмгек сабагынын мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы А.С.Макаренко атындагы мектеп-лицейинин базасында кол эмгек мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү, деп маалымдалды шаардык билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, семинарга шаардагы жана Жайыл районунун айылдарындагы мектептердин кол эмгек мугалимдери чакырылган.

Бүгүнкү күндө мектептеги бул предмет боюнча окуу китептери жетишсиз. Мугалимдер негизинен окуу программасы үчүн интернетти колдонот. Бирок интернет желелери ар бир эле айылга жете бербейт.

«Бизге мындай сабактар сөзсүз керек. Биринчиден биз башка мектептердин мугалимдери менен таанышып, алардын сабак өтүү усулдары жөнүндө пикир алышабыз. Экинчиден кол эмгек сабагы боюнча биз да өзүбүздүн сунушубузду айта алабыз», - деди кол эмгек сабагынын мугалими Олеся Пасечникова.

Ал белгилегендей, учурда кол эмгек сабагы технология деген сабакка алмаштырылып, анда балдар, кыздар чогуу окушат.

«Кызыгы балдар да тигүүчүлүккө, бычмачылыкка, кездемеге шууру кадап, жиптен кийим токууга кызыгат. Бирок албетте көпчүлүк балдар кагаз менен иштегенди жактырат», - деди О.Пасечникова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×