Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.01.2016 08:33

Чүй облустук мектеп-гимназиясында окуучулар үчүн кышкы лагерь ачылды

Turmush -  Чүй облустук мектеп-гимназиясында окуучулар үчүн кышкы лагерь ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, лагердин ачылышына Билим жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен жана мектептен тышкары билим берүү боюнча жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова, Бишкектеги корей борборунун директору Ли Ен Хунг, Сеул улуттук университетинин студенттери жана Талас облусунун чет тилдерин үйрөнүп жаткан 20дан ашык окуучусу катышты.

Бишкектеги корей борборунун колдоосу менен окуучулар үчүн ачылган кышкы лагерь аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн интернаттарда жашаган таланттуу балдарына арналган.

6-16-январь аралыгында окуучулар ар кандай курстардан окушмакчы. Алардын ичинде корей тили да болот. Аны менен катар, концерттер жана оюндар каралган.

«Акыркы жылдары көптөгөн кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө окуп жатышат жана корей тилин үйрөнүү биздин окуучулар үчүн Корея Республикасында окуунун негизги базасы болуп калат», - деди мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×