Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.01.2016 14:17

Кара-балталык өспүрүм спортчулар күрөш искусствосу боюнча өткөн эл аралык турнирде чемпион болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын спортчулары күрөш искусствосу боюнча өткөн эл аралык турнирде чемпион болду. Мындай маалыматты КРнын бирмандык бокс федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өткөн жылдын аягында Бишкек шаарында күрөш искусствосу боюнча өткөн эл аралык турнирге «Манас» спорттук комплексинде машыккан спортчулар чоңдор жана өспүрүмдөр арасындагы мелдештерге түштү.

Алардын ичинен Алмаз Замиров 55 кг салмактагылар арасында, Умар Конкулов 59 кг салмактагылар арасында, Ринат Мусабаев 67 кг салмактагылар арасында жеңишке жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×