Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.01.2016 10:25

2015-жылы Кара-Балта шаарынан 9 миң 861 спортчу 257 спорттук мелдештерге катышты

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплекси өзүнүн 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Аталган комплекстен Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, өткөн жыл аралыгында шаардан 9 миң 861 спортчу 257 спорттук мелдештерге, анын арасында КРнын окуучуларынын спартакиадасына, Ысык-Көлдөгү эл аралык спорттук оюндарга катышты.

Өткөн, 2015-жылы кара-балталык спортчулар 295 алтын, 262 күмүш жана 280 коло медаль утту.

Жеңишке жеткен спортчулардын тизмеси:

- Бокс боюнча чемпиондор: Темирлан Кадыров, Темир Бикбоев, Чыңгыз Бикбоев, Талгат Бикбоев, Азиз Бикбоев, Тынай Азаматов, Нурсултан Бейшенов жана Егор Виницкий;

- Волейбол: Т.Миловацкая, Елена Красюкова, Елена Погребняк, Юля Тен, Елена Белоедова жана Анастасия Кравцова.

- Баскетбол: Дмитрий Сучилин, Виталий Дмитриенко, Бахром Умаров, Алексей Последов, Александр Михайличенко, Стас Батраков, Евгений Пехов, Руслан Забродин, Расул Бегалиев жана Дмитрий Галанин.

- Жеңил атлетика: Артур Федорчук, Федор Салтанов, Людмила Будеева, Людмила Ляшко, Радислав Дурдиев, Ева Скибина, Игорь Додаржанов, Мадина Якупжанова, Кристина Лумпова, Алибек Худайбердиев, Евгений Погребняк, Светлана Соколова, Алексей Шарелев жана Елена Погребняк.

- Сууда сүзүү: Ысык-Көлдөгү оюндарга Кытай, Германия, Латвия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын сууда мыкты сүзүүчүлөрү катышты.

Бек Сыдыгалиев, Аскар Туленов, Радмир Бруев, Богдан Каркушин 50 метр аралыкка сүзүү боюнча эстафетанын финалдык жарышында 2-орунду ээледи.

Ошондой эле 2015-жылдын 18-декабрында сууда сүзүү боюнча КРнын кубогунда Богдан Карпухин 50 метр аралыкка сүзүп, спорт чеберинин нормативин аткарып, жеңишке жетти.

- Шахмат: Казакстанда жана Чолпон-Ата шаарында өткөн шахмат боюнча эл аралык турнирден Марат Кожомбердиев, Акылбек уулу Иман, Эрасыл уулу Марат жеңишке жетти;

- Футболчулар: Роман Ковалев, Курманбек уулу Бекжан, Кубанычбек Куренкеев, Канат Акматов, Владислав Геращенко жана Майрамбек уулу Рустам Чүй облустук курама командага киришти.

- КРнын абсолюттук чемпиону болгондор: Эрнар Эркинбеков, Марлен уулу Каныбек, Рамазан Маманов, Алишер Усубалиев жана Эркинбек уулу Багнур.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×