Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.12.2015 14:18

Кара-балталык 17 жаштагы Д.Смирнов пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатынан Кыргызстанга биринчи медалды алып келди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 17 жаштагы тургуну Данил Смирнов пауэрлифтинг боюнча өткөн Азия чемпионатынан Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди.

Пауэрлифтинг жана жаткан калыпта штанга көтөрүү боюнча Азия чемпионаты 20-декабрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.

Ага жалпысынан 15 өлкө катышып, алардын арасында алыскы Сингапур, Австралия, Науру, Индонезия, Тувалу жана Самоа өлкөлөрүнөн да спортчулар келишти.

Бул чемпионатка Кыргызстандан 2 спортчу; кара-балталык Данил Смирнов жана Бишкек шаарынан Азамат Асанов катышты.

Д.Смирновдун атаандаштары 83 кг салмактагы казакстандык 3 спорчу жана Бириккен Араб Эмиратынын 1 спортчусу болду.

Жаткан калыбында штанга көтөрүүдө Данил 140 кг салмактагы штанганы көтөргөн. Анын бул кадамы ага күмүш медалды алууга жол ачты.

Ал эми кыргызстандык 2-спортчу Азамат Асанов 4-орунга ээ болгон.

Азамат орто мектепти аяктагандан кийин Россиядан жогорку билимге ээ болуу максаты бар экенин билдирди.

Бул жеңиштен кийин «Жеңиш» спорттук клубунун машыктыруучусу Владимир Пракудиндин тарбиялануучулары — Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы «Скорпион» аскердик бөлүгүндө кызмат кылган спортчулар Данил Смирнов менен Сабиржан Хашимовго спорт чеберинин кандидаты наамы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×