Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.12.2015 08:47

ТОП-ЛИГА-2016: «Кара-Балта» Кыргызстандын жогорку лигасына катышууга биринчи жолу сертификат алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарында бул жылы Кыргызстандын абсолюттук чемпиондору болууга жетишкен футбол боюнча биринчи лиганын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Муну менен экинчи жылы катарынан «Кара-Балта» муниципалдык футболдук командасы футбол боюнча биринчи лигада Кыргызстандын абсолюттук чемпиону болду.

Аталган футболдук клубдун президенти Марат Алымкожоевдин айтымында, өткөн жылы «Кара-Балта» түндүк аймактагы атаандаштарын жеңген болсо, быйыл түштүктөгү атаандаштарын артка калтырды.

«Эми шаардык кеңеш футболдук команданын бюджетин көбөйтүүгө макулдук берсе, кийинки жылы Кыргызстандын алдыңкы командалары ат салышкан жогорку лигага катышсак деп турабыз», - деди М.Алымкожоев.

Ушул жылдын 16-декабрында өткөн сыйлык тапшыруу аземине футбол ардагерлери, шаар жетекчилери, «Манас» спорттук клубунун жамааты жана команданын демөөрчүлөрү катышты.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев командага топ лигага катышууга сертификат тапшырып, федерациянын атынан команданы жана кара-балталыктарды бул ийгилиги менен куттуктады.

«Кара-Балтада футбол кеңири жайылган. Биздин команданын утушу — Кара-Балта шаарынын 40 жылдык мааракесине белек болду», - деди шаардын экс-мэри, учурда шаардык кеңештин депутаты Анатолий Ким.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болгондой, «Кара-Балта» футболдук командасын каржылоо негизинен шаардык бюджеттен каралат. Команданын бир жылдык бюджетине 6 млн сом каралган.

Шаар мэри Данияр Шабданов келе жаткан жылда команданын бюджетин мындан да көбөйтүүнү пландап жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×