Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.12.2015 16:09

Айыл турмушу: 40 жыл сүрөтчүлүк кесипти аркалаган кара-балталык А.Воронин 100 жаштагы күйөө менен 73 жаштагы келиндин үйлөнүү тоюн түбөлүк унутпайт (фото)

Turmush -  Мен эмгек жолумда фотоаппарат менен жакшылык ээлеринин миңдеген сүрөттөрүн тарттым. Бирок алардын барын эксклюзивдүү сүрөттөр болду деп айта албайм, деп сөз баштады Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын жашоочусу, сүрөтчү Александр Воронин Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын айтымында, көп жылдан бери ушул жумуш менен алектенгендиктен шаардыктардын бары аны таанып-билип калышкан. Мындан улам шаарда өткөн олуттуу жана чакан иш-чараларда сөзсүз түрдө ага кайрылышат.

«Мен Москва районунун Петровка айылында төрөлүп, өстүм. 5-класстан тартып эле сүрөт тартканга кызыкчумун. Кийин мектепте сүрөт ийрими ачылып, ага бара баштадым. Айыл чарба техникумун аяктап, өз кесибим менен иштеген жокмун. Кайра эле сүрөтчүлүк өнөрдү тандадым», - деди А.Воронин.

Ал белгилегендей, Советтер Союзу кезинде борбордогу «Союз» сүрөт-көркөм биримдиги Кыргызстандагы бардык сүрөт салондор менен иш алып барчу. Сүрөтчү 1975-жылы бул биримдикке келип, ишке орношуу ниетин билдиргенде аны Сокулук районундагы сүрөт салонуна жөнөтүшкөн.

1976-жылы Кара-Балта шаардык жарандык абалды каттоо бөлүмүнө которулуп, жемиштүү эмгек жолун баштаган.

«Мен сүрөтчү болуп иштеген 40 жылдык өмүрүмдө он миңден ашык жубайлардын бактылуу көз ирмемдерине күбө болуп, сүрөткө тарттым. Ошонун ичинен бир үйлөнүү тою эсимде калыптыр. Анда 1980-жыл эле. Ошол кездеги Калинин районунун (азыркы Жайыл району) жетекчиси Т.Рахманов менен өзгөчөлүү үйлөнүү тою өтүп жаткан Суусамыр өрөөнүнө бардык. Барып таң калдым, себеби турмушка чыгып жаткан аял 73 жашта болсо, үйлөнүп жаткан киши 100 жашта экен. Бирок, өздөрүнүн улгайган курагына карабастан алар абдан бактылуу экендиктерине күбө болдум. Мен бул тойдон тартып алган сүрөттөрүмдү көп жыл сактап жүрүп, кийин жоготуп алдым. Бирок түбөлүккө эсимде сакталып калды», - деди сүрөтчү.

А.Воронин кийинчирээк атайын сүрөтчүлүк кесибине окуганын, пленкага тартканды жана аны кантип чыгаруу керектигин үйрөнгөндүгүн кубануу менен эскерет.

«Азыр болсо ар бир адам сүрөтчү боло алат. Мурдагыдай кыйынчылык жок. Бир чекитти бастың, сүрөт даяр. Дароо компьютерге киргизип аласың», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×