Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.11.2015 18:46

Кара-Балта шаарында мектеп окуучулары арасында «Манас» эпосу боюнча сынак өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-ноябрда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектебинде кыргыз мектептердин 8-классынын окуучулары арасында «Манас» эпосунун үчилтиги боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына шаардык билим берүү бөлүмүнөн маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, сынакка жалпысынан 12 команда катышып, ар биринде 6дан окуучу болду. Алар «Манас» эпосунан үзүндү, макал-лакап, кыргыз тилиндеги унутулуп бара жаткан сөздөрдүн маанисин айтышып, бири-бирине берилген суроолорго жооп беришти.

Катышуучуларды шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, акимияттын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүнү адистери, мектептердин кырыгыз тил жана адабият мугалимдеринен түзүлгөн калыстар тобу сынады.

Бул «Манас» эпосу боюнча билимди текшерген сынактын биринчи туру болсо, экинчи турунда жеңишке жеткендер облустук мелдешке жолдомо алышат.

Сынакты өткөрүүнүн негизи максаты болуп—жаш муундар арасында «Манас» эпосун тереңдеп окутуу жана жайылтуу.

«Манастаануу сабагы азырынча мектептин окутуу программасына кире элек болгондуктан, окуучулар аны сабактан тышкаркы учурларда жана кыргыз адабияты сабагынан окушат. «Манас» эпосун билүү боюнча сынак Кыргызстанда быйыл 4-жылы өткөрүлүүдө. Бул аралыкта Кара-Балта шаарынын окуучулары жакшы натыйжаларды көрсөтүп келе жатат. Өткөн жылы облус боюнча өткөн сынакта Новониколаевка айылындагы мектеп-гимназиянын окуучулары 2-орунга татыса, бул жылы Полтавка айылынын окуучулары Жайыл району боюнча өткөн сынакта 1-орунду ээледи. Кара-Балта шаарынын №4 мектебинин окуучулары 3-орунга татыктуу деп табылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×