Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.11.2015 16:32

Кара-Балтада өтүүчү лига футбол сүйүүчүлөрдүн 30га чукул командасын чогултат

Turmush -  Кара-Балта шаарында футбол сүйүүчүлөр арасында кичи футбол боюнча лига өткөрүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, бул лигага 30га жакын команда катышат.

«Ал командалардын арасында тажрыйбалуулары жана жаңыдан түзүлгөндөрү да бар. Футбол сүйүүчүлөр арасындагы бул лигага юридикалык макам бекиттирип, болгон жоопкерчиликтери менен өткөрүүнү пландап жатабыз», - деп билдирди уюштуруучулар.

Мындай демилгенин максаты – Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунда кичи футболдун деңгээлин көтөрүү жана жайылтуу.

Лиганы өткөрүү тууралуу маселелер, эрежелер жана матчтардын графиги 13-ноябрда «Манас» спорт комплексинде түзүлгөн. Ал жолугушууга Жайыл районундагы «Банк», «Западный», «КБ», «Жигиттер» жана «Патриот КG» футболдук командалары да катышкан.

Кийинки жолугушуу 13-декабрга белгиленип, анда катыша турган командалар 12 миң сомдон мүчөлүк акыларды төлөп, катышуу укугуна ээ болушат.

Учурда Жайыл районунда 2 кичи футбол аянтчасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×