Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.10.2015 18:08

Кара-Балтада директорлор мектептерди кантип башкаруу керектигин талкуулашты

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы №8 мектепте учурдагы экономикалык кырдаалда мектептерди кантип башкаруу керектиги тууралуу мектеп директорлору арасындагы семинар өттү. Бул тууралуу №8 мектептин директору Элмира Шабралиева маалымдады.

Аталган семинарга Кара-Балта шаарынын вице-мэри Эмил Орозбаков, шаардык кеңештин депутаты Тилек Түркмен уулу, Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алик Гасанов жана Жайыл районундагы мектептердин директорлору катышты.

«Семинардын теориялык бөлүгүндө докладдар окулуп, ачык сабактар өткөрүлсө, практикалык бөлүгүндө бүгүнкү күндө мектептерде кантип натыйжалуу иш жүргүзүү керек экендиги тууралуу тренинг өткөрүлдү», - деп билдирди Э.Шабралиева.

«Мындай семинарлар директор менен мугалимдерге гана пайдалуу болбостон окуучулар үчүн да керек», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×