Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.10.2015 12:13

Жайыл районунда алгач ирет мектептер арасында «Мектеп канышасы» аттуу сынак өткөрүлөт

Turmush -  Жайыл районунда мектептер арасында биринчи жолу «Мектеп канышасы-2015» аттуу сынак өткөрүлөт, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, аталган сынак Кара-Балта шаарында 31-октябрь күнү өтөт жана ага жалпысынан Кара-Балта шаарындагы №1, 2, 5, 9 жана Ново-Николаевка айылындагы христиандык жеке мектептин 9-10-классында окуган 9 кыз катышат.

Уюштуруучулар билдиргендей, бул жөн гана сулуулук сынагы катары өткөрүлбөстөн катышуучулардын чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүнө көңүл бурулат.

«Бул адаттагыдан башкача сынак болот. Анда мектеп программасынан дярдалган суроолор, андан сырткары мектептердеги учурда болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу жана аларды чечүү тууралуу суроолор берилет. Биздин максатыбыз активдүү жаштарды аныктап, аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат», - дешет уюштуруучулар.

Ал эми 1-орунду алган жеңүүчүгө 10 миң сом акчалай сыйлак берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×