Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.10.2015 09:19

«Мыкты мугалим», «Мыкты бала бакча», «Мыкты инновациялык мектеп» жана «Мыкты айылдык мектеп» наамдарынын ээлери

Turmush -  Республикалык деңгээлдеги сынактын жыйынтыгы менен «Мыкты мугалим-2015», «Мыкты бала бакча», «Мыкты инновациялык мектеп» жана «Мыкты айылдык мектеп» наамынын ээлери аныкталды.

Мурдараак маалымдалгандай, 9-октябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында «Жыл мугалими-2015» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи болуп өттү.

«Мыкты мугалим–2015» наамына бул жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы мектепте география сабагынан билим берген Нургүл Алиева ээ болду. Ал эми 2-орун Талас облусундагы мектептин мугалими Тамара Бокубаевага, 3-орун Ош шаарындагы мектептин мугалими Элвиза Нарымбаевага берилди.

«Мыкты бала бакча» наамына татыктуу деп Бишкек шаарындагы №82 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме табылса, 2-орунга Ысык-Көлдөгү «Наристе» бала бакчасы, 3-орунга Ош облусундагы «Ы.Ахмедалиева» атындагы мекеме ээ болду.

Ал эми «Мыкты инновациялык мектеп» наамына Бишкек шаарындагы И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясы татыктуу болсо, 2-орунга Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназия, 3-орунга Ош облусунун Өзгөн районундагы И.Ленин атындагы №5 мектеп-гимназиясы татыктуу болду.

Сынактын жыйынтыгы менен «Мыкты айылдык мектеп» номинациясына Ош облусунун Алай районундагы М.Адышев атындагы орто мектеп татыктуу деп табылды.

Бул наам боюнча 2-орун Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы А.Истамбеков атындагы орто мектебине, 3-орун Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепке берилди.

Бул жылы VI республикалык сынакка облустук этаптан 70 жеңүүчү мугалим катышты.

Иш-чарага КРнын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жана Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери катышты.

Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлиги

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×