Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.09.2015 09:20

Кара-Балта шаарында Татарстандын эмгек сиңирген артисти Гүлшат Иманалиева концерт тартуулады (фото)

Turmush -  Кечээ, 27-сентябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө Татарстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлшан Иманалиеванын концертти өттү. Бул тууралуу аталган маданият үйүнүн жетекчиси Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, ырчы ондон ашуун орус жана татар тилиндеги ырларды аткарды. Концертти көрүүгө Кара-Балтадагы татар-башкыр маданият борборунун өкүлдөрү келишти.

Ал эми Татарстандан келген коноктун айтымында, ал концерт коюп барган өлкөлөрдүн эне тилинде да ырларды аткарат. Бирок бул жолу кыргызча ыр жаттоого үлгүрбөй калган.

«Менин репертуарымдагы ырлар негизинен татар эл ырлары. Жакында эле Вьетнамдан кайтып келдим, эми ошол өлкөнүн ырлары да бар. Ал эми Кыргызстанга гостролго келеримди жолго чыгарга аз калганда гана билдим, андыктан кийинки келгенде сөзсүз кыргыз элдик ырларды аткарууга сөз берем. Патриоттук ырлардан аткаргым келди, анткени Кыргызстан мага абдан жакты. Кыргыздардын жумшак мамилеси жана меймандостугу мени таң калтырды», - деди Г.Иманалиева.

Ал кошумчалагандай, 25-сентябрда Бишкек шаарында да концерт тартуулаган.

Гастроль Кыргызстан жана Татарстан Республикаларынын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×