Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.09.2015 15:31

Кара-Балта шаарындагы орто мектептин мугалими кыргыз тилин үйрөтүүдөгү жаңы усулду иштеп чыкты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектептин кыргыз тили мугалими Абдужамал Ибрагимова Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн сынакка катышып, анын мугалимдер үчүн жазган окутуу усулу 1-орунга ээ болду. Усул 5-класстын окуучуларына ылайыкталып, кыргыз тилинин сүйлөө речин үйрөтүү боюнча жазылган, деп маалымдайт аталган мектептин жамааты.

Алардын айтымында, мугалимдер ал усулду балдарды окутууда колдонуп көрүшкөн.

«Азыркы учурда көпчүлүк жаштардын кыргыз тилинде сүйлөмөк тургай, түшүнбөгөндүгү актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Биз бул усул менен окутуп көрүп, кыргыз тилин тез жана жеткиликтүү үйрөтүүгө боло тургандыгына ынандык», - дешти окутуучулар.

Алар белгилегендей, негизгиси новатор-мугалим А.Ибрагимованын усулунда мугалим менен окуучунун ортосунда тыгыз байланыш пайда болуп, аны билим алууга кызыкдар кылат. Окуучулар сабакта жалаң кыргызча сүйлөшөт.

Ал эми А.Ибрагимова 31 жылдык мугалимдик тажрыйбага ээ экендигин айтат.

«Кесибим боюнча мен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогумун. Көп жылдар Кайыңды шаарында иштедим. 90-жылдары көптөгөн бала бакчалар жабылып, мен мектепке ишке киргем. Мектепке келгенден кийин кыргыз тилиндеги окуу китептеринде система жок экендигин көрдүм. Аны окуучу түшүнбөйт, мугалим да кандай түшүндүрүүнү билбейт. Мындан улам бардык балдар түшүнө ала турган кыргыз тилин окутуунун жаңы системасын иштеп чыктым. Көп жыл тажрыйба топтоп, жамааттын колдоосу менен бул усулду сынакка жөнөттүк. Бирок чыныгында аны баалашат деп ойлогон эмесмин», - деди ал.

А.Ибрагимова кошумчалагандай, пенсияга чыгарына саналуу жылдар калгандыктан өз тажрыйбасы менен башка мугалимдерге бөлүшүүгө даяр. Балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдөгү керектүү бул усулду жаш мугалимдер өздөштүрүп алуусун каалагандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×