Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.09.2015 14:16

Кара-Балтадагы №6 мектеп-гимназияда бүгүн кыргызча ырлар, комуз күүсү жаңырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназиясында бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Мектеп-гиманазиянын жамаатынын маалыматына ылайык, мектепте майрамга арналган салтанаттуу жыйын өттү. Анда мектептин директору, кыргыз тили мугалимдери жана окуучулар сөз сүйлөштү. Алардын баары кыргыз тилинин маанисин жана аны үйрөнүү зарыл экендигин баса белгилешти.

Эртең менен окуу башталгандан тартып мектепте кыргызча ырлар, комуз күүлөрү жаңыртылып макал-лакаптар айтылды. Жыйналышта кыргыз тили элдик-поэтикалык жана фольклордук салттарды өзүнө камтып, терең жана бай экендиги айтылды.

DSC_2168

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүүгө жана мамлекеттик деңгээлге жеткирүүгө жардам берет. Жаш муунга кыргыз тилин ооз эки сүйлөшүү речинде эмес, адабий тилде үйрөнүүгө түшүнүк берет. Бүгүнкү күндө бардык тармакта кыргыз тилин жакшы билген адистер талап кылынат», - деди аталган метеп-гимназиянын директору Елена Дебелая.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×