Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.09.2015 16:58

Кара-Балта шаардык кеңешинин курамына жаңы 2 айым кошулду (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин курамы жаңы эл өкүлдөрү менен толукталды. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясында кеңештин курамынан чыккан депутаттардын ордуна алардын партиялаштары сунушталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Медициналык окуу жайдын мугалими Жумагүл Сариева «Эл Аман» партиясынын атынан Назим Бадаловдун ордуна келди. Н.Бадалов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуда.

Ошондой эле КСДП партиясындагы Айтмамат Назаровдун ордун жеке ишкер Бегимжан Турарова ээледи.

Ж.Сариева

IMG-20150919-WA0001 

Б.Турарова

DSC00196

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×