Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 31.08.2015 11:22

Айыл турмушу: 8-класстын окуучусу Аким Сабыр уулу Кара-Балта шаарында өз алдынча экскаватор иштетип, ири киреше табууда (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунан бир канча жыл мурун Бишкек шаарына ата-энеси менен көчүп келген Сабыр уулу Аким өз алдынча экскаватор иштетип киреше табууда. Менин жумушум оор эмес, бирок кылдаттыкты жана ылдамдыкты талап кылат, дейт ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Ал маалымдагандай, Аким Бишкек шаарындагы №69 мектептин 8-классынын окуучусу. Жайкы эс алуу башталары менен экскаватор айдап, ата-энесине жардам берет. Мен жаш болгонум менен өз алдымча үйрөнүп, кесипке ээ болуп алганмын, дейт ал күлүп.

«Атам айдап, иштеген 1 эле экскаваторубуз бар болчу. Мен ага жардам берип жүрүп, аны айдаганды, башкарганды үйрөнүп алдым. Негизинен биз элдердин арыктарын, канализация үчүн арыктарды казып иштечүбүз. Кийин ата-энем мага чакан трактор алып берип, аны мен өзүм иштете баштадым. Азыр атам Бишкектеги буюртмаларды аткарса, мен Кара-Балта шаарынан жумуш таптым. Бул жерде чоң объектте иштеп жатам. Көп кабаттуу үй үчүн канализациянын арыгын казуудабыз. Август айы толугу менен мында болуп, эртеден кечке, дем алыш күндөрү да иштеп жатам. Анткени объектти жаңы окуу жылына чейин казып бүтүрүү керек», - деди Аким.

Ал кошумчалагандай, өзүнөн кичүү 2 иниси бар. Кызмат үчүн жакшы акча каражат төлөнөт. Тапкан акчасын үй-бүлөлүк керектөөлөр үчүн ата-энесине берет.

«Жумушта көп деле кыйынчылык жок. Болгону арык казып жатканда суу түтүктөрүнө, электр өткөргүчтөрүнө жана башка жабдыктарга тийбеш үчүн кылдат болуш керек», - деп кошумчалады А.Сабыр уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×