Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.08.2015 17:54

Вокал боюнча өткөн эл аралык сынакта Кара-Балта шаарынын 8 жаштагы тургуну жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 24-июлунан  3-августка чейин «Ысык-Көлдүн толкунунда» аттуу балдар чыгармачылыгынын 2-эл аралык фестиваль-сынагы өткөрүлдү.

«Вокал» номинациясын «Кызыл гүл» жана «Кирпи жөнүндө» аттуу чыгармаларын аткарып Кара-Балта шаарынан барган 2007-жылы туулган Белек Муктарбеков жеңип алды, деп маалымдады Кара-Балта шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Turmush басылмасынын кабарчысына.

Маалыматка ылайык, сынакка Казакстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан балдар катышып, ал өзүнө үч номинацияны - «вокал», «хореография» жана «театр модасы» жанрын камтыган.

Эл аралык деңгээлдеги мындай фестивалга Белек 1-жолу катышты.

Чолпон-Ата шаарына барып, сынакка катышууга Кара-Балта шаардык мэриясы каражат жагынан жардам көргөзгөн.

Лауреат фестивалдан кайтып келип, апасы менен биргеликте мэрия өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы жана баланын чыгармачылыгына арткан ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.

Б.Муктарбеков Жайыл музыкалык мектебинин тарбиялануучусу, анын вокал боюнча мугалими — Тамара Рублинская, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×