Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 31.07.2015 18:41

Кара-Балтанын мэриясы менен шаардык кеңеш «Сууканал» ишканасын сактап калуунун жолдорун издөөдө

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешиндеги айрым депутаттар Евразия өнүктүрүү банкынын кызматтарынан баш тартууну сунуштаганы менен мэрия бул долбоор шаардын төмөнкү бөлүгүн таза суу менен камсыздаган жалгыз ыкма деп эсептейт. Бул тууралуу, кечээ, 30-июлда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында белгилүү болду, деп маалымдайт шаардык мэриядан Turmush басылмасынын кабарчысына.

Маалыматка ылайык, шаардык «Сууканал» Социалдык фонд менен РЭСке 28 млн сом карыз болгондуктан калкты таза суу менен камсыздоо иштери кыйынга турууда. Бул сумманын көпчүлүк бөлүгү туум катары эсептелген.

Буга байланыштуу «Түндүк электр» ишканасы ай сайын карыз үчүн «Сууканал» ишканасынын сормо станцияларын өчүрүп турат. Карыз бир жылдан бери топтолуп келе жатат. Аталган ишкана шаардын карамагына мамлекеттик «Жилкомунсоюз» ишканасынан карызы менен өткөрүлүп берилген.

«Суу канал жыл сайын 500-600 миң сомдук зыян тартат. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу — Евразия өнүгүү банкынын долбоору менен иштешип 5 млн евро каражатка бардык системаларга реабилитациялык иштерди жүргүзүү керек. Суу каналдын деректири бүгүн арыз жазып иштен кетти, татыктуу жетекчини табуу кыйынга турууда. Эч кимдин иштегиси келбей жатат. Биз бюджеттен канча каражат бөлбөйлү ишкананы каатчылыктан алып чыга албай койдук. Жабдыктарды жаңысына алмаштырбасак, эскинин бир жерин жамаганча башка жери сынат», - деди Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов.

Бул долбоордогу Евразия өнүгүү банкынын кызматтарынан таптакыр баш тартууну сунуштаган депутаттар анын бир канча себептерин айтышты. Долбоорду ишке киргизүү үчүн райондогу суу менен камсздоочу менчик жана мамлекеттик ишканаларды бириктирүү керек болот. Мында ийгиликтүү ишкананын кардарлары башка цехтер менен кошуулууга каршы чыгышат. Долбоордун техникалык негиздемесинде олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, эскирген түтүктөрдү алмаштыруунун ордуна суу эсептегичтерди орнотуу маселесине басым жасалган.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан «Сууканал» ишканасы туш болгон бул абалдан чыгуунун жолун айтып бере ала турган каатчылыкка каршы комиссия түзүү чечими чыгарылды. Депутаттар менен мэрия «Сууканал» жардам керек деген ойдо экендиги белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×