Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.07.2015 09:29

«Мисс бикини» эл аралык сынагынын эң улуу катышуучу болгон кара-балталык Я.Лаптева 4-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 37 жаштагы жашоочусу Ярослава Лаптева «Мисс бикини» сынагында 4-орунду ээледи. Бишкек шаарындагы «Мисс бикини» сынагы быйыл 5-ирет уюштурулду.

Эл аралык бодибилдинг жана фитнес федерациясы бодифитнесист кыздар арасында уюштурган бул сынактын башкы максаты – спорт менен машыккан айымдардын денеси назик жана сулуу болоорун далилдөө. Сынакта кыздардын табигый сулуулугу эмес, фитнесте же машыгуу залдарында көптөн бери машыгып жүрүп, денесинин түзүлүшүн өзгөртүүгө жетишкендиги бааланды. Ошондой эле кыймыл аракетиндеги жеңилдик, дене мүчөсүнүн шайкеш келиши, өзүн өзү алып жүрүүсү, терисинин сулуулугу жана чачынын узундугу эске алынды.

«Мисс бикини» наамына Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан 15 кыз ат салышты. Алардын арасынан эң улуусу 37 жаштагы Ярослава Лаптева болду. Ал биринчи жолу сынакка катышып жаткандыгына карабастан, 4-орунга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×