Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.06.2015 16:00

Айыл турмушу: Кара-Балта шаарынын тургуну Африка төө куштарын багып, күнүмдүк тиричиликке акча табат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Инна Калина 2 жылдан бери өзгөчө жумуш менен алек. Анын кызыктуу жумушу менен аймактык кабарчыбыз таанышып келген.

Төө куш багуучу Инна Калина билдиргендей, төө куштун жумурткасын Москва районундагы Бештерек айылынан ар бирин 100 доллардан сатып алат. Жумуртка саткандар өздөрү 6 төө куш багышат. Жан дүйнөнүн жай алуусу үчүн бул кушка кызыккандар Иннанын кардарлары. Ал 3 жумалык 1 балапанды 300 долларга баалайт.

«Жакында эле атайын төө куш үчүн Балхаштан бир кардар келди. Ал Казакстанда көптөн бери, ушул куш түрүн издеп жүргөн экен. Анан бизден Кара-Балтадан тапты. Африка төө кушу - дүйнөдөгү эң чоң канаттуу. Анын бою 2,5 метрге жетсе, салмагы 140 кг, эне төө куштардын салмагы 90 кг га чейин болот. Бир мезгилде эне төө куштар 40ка чейин жумуртка тууйт. Төө кушту негизинен Бишкектен келген жетишкен үй бүлөлөр сатып алып, өздөрүнүн жашоосуна азырак экзотиканы киргизишет», - дейт Инна Калина.

Жумурткадан балапан чыгаруунун өз убактысы болот. Ал май айынан тартып, сентябрь айына чейин уланат. Инна өзү кесиби боюнча лобарант, бирок бул убакытта ал эмгек өргөөсүнө чыгып, бардык убактысын төө куш багууга арнайт. Үйүндө компьютердик башкарууга туташкан инкубатор бар.

Компьютердик программа аркылуу жумурткалар жайгашкан жердин сыйымдуулугун, жылуулугун жана нымдуулугун текшерип турат. Албетте, компьютерден сырткары өзү да байкоого алып турат. Анан да бардык абал эске алынган. Маселен, электр энергиясы өчүп калса пайдалануу үчүн электргенераторун сатып алган.

«Төө кушту үй шартында багуу кыйын эмес. Бул жумуш көп күчтү талап кылбаганы менен жагымдуу жана кирешелүү. Төө куштун балапаны жумурткадан чыгаары менен курганат да кулакка жагымдуу үн менен акырын ырдай баштайт. Бул анын ден соолугу чың экендигинен кабар берет. Тооктун жумурткасынан жөжө 21 күндө чыкса, төө куштун жумурткасы 40 күндө баланапга айланат. Балапандар азыкты көп эле тандай беришпейт. Негизинен көк чөп болуш керек. Менде бул канаттуунун чоңдору да бар эле, аларды борбордон келген кардарлар сатып алып кетишкен», - дейт Инна Калина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×