Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.06.2015 16:32

Кара-Балта шаарында музейдин директору өнөр жай ишканаларынан стенддерди жасалгалоого жардам сурайт

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы музей жакында эле жаңы имаратка көчүп келди. Бул тууралуу согуш жана эмгек ардагерлер музейинин директору Алик Каримов билдирди.

Анын айтымында, бирок көпчүлүк дубал такталарды сүрөттөрү менен илүүгө мүмкүн болбой калды. Анткени, көпчүлүк сүрөттөрдүн өңү оңуп, мурдагы көрүнүшүн жоготкон.

«Бизде эки бөлүм бар: биринчисинде Улуу Ата Мекендик согушка байланышкан буюмдар, фронтон ала келген согуштук кийимдер, куралдар сакталган. Ал эми экинчи бөлүмдө Кара-Балта шаарындагы өнөр жай ишканаларынын пайда болушуна арналган. Башында бул жерде шардык өнөр жай ишканаларынын, заводдордун, фабрикалардын жана андагы эмгек жамааттарынын сүрөттөрү орун алган. Учурда алардын бардыгы жаңылоого муктаж жана фамилияларды жаңылап жазуу керек. Ошондуктан биз өнөр жай ишканалардын өкүлдөрүн музейге өздөрүнүн бурчтарын даярдоого, тарыхта издерин калтырууга жана жаңылоо иштерине көмөктөшүүгө чакырып жатабыз», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×