Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 16.05.2015 12:08

Кара-Балтада интерактивдүү тактаны колдонуу боюнча орус тили жана орус адабияты сабагынын мугалимдери райондук семинар өткөрдү

Turmush -  Кара-Балта шаарында интерактивдүү тактаны колдонуу боюнча орус тили жана орус адабияты сабагынын мугалимдеринин семинары болуп өттү.

Кечээ, 15-майда шаардагы №10 Макаренко атындагы мектеп-лицейинде өткөн райондук семинарды №10 мектептин орус тили мугалимдери А.Жумашева, Ш.Болотбекова жана И.Садыркулова өттү.

Иш-чаранын 1-бөлүгүндө интерактивдүү тактаны колдонуу менен окуучуларды аттестациялык сынакка даярдоо ыкмалары көрсөтүлүп, 2-бөлүктө Н.В.Гоголдун «Өлүү жандар» чыгармасы боюнча практикалык сабак өтүлдү. Ал эми 3-бөлүктө орус тили сабагы боюнча тренинг өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×