Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.05.2015 12:25

Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасынын отчету депутаттардын сынына кабылды

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Таалайбек Сүйүмбаев шаардык кеңештин аппаратынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчет берди.

Анын айтымында, өткөн жылы жергиликтүү кеңештин 12 сессиясы өткөрүлүп, 5 жолу сессия кийинкиге жылдырылган. Отчеттук мезгил ичинде шаардык кеңешке 324 кат түшүп, анын 277си юридикалык жактардан, 47си жарандардан келип түшкөн. Бул кайрылуулар боюнча 167сине жооп берилген, калгандары боюнча тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

Т.Сүйүмбаев маалымдагандай, бир жылда 111 кишини кабыл алган жана 20 жолу жергиликтүү тургундардын жыйындарына катышкан.

«2014-жылы шаардын жашоо турмушуна байланышкан эң маанилүү делген 20 маселе оң жагына чечилген», - деп кошумчалады спикер.

Айрым депутаттар шаардык кеңештин төрагасынын отчетун өтө эле расмий болуп кетти деп сындап, андан көрө кабыл алынган токтомдордун канчасы эффективдүү болгонун, кайсы чечимдер аткарылып жатканын, кайсы иштер аткарылбаганын жана эмне үчүн, мына ушулар боюнча түшүндүрмө бериши керектигин айтышты.

Натыйжада көпчүлүк депутаттар спикердин отчетун кабыл алып, Таалайбек Сүйүмбаев спикер катары жүргүзүлгөн иштер боюнча Кара-Балта шаарынын тарыхында биринчи жолу отчет берип жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×