Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 13.05.2015 09:22

Айыл турмушу: Кара-Балта шаарына Баткенден көчүп келген Ж.Исмаилов огородуна кыйыштырылган гиластын бакчасын өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарына Баткенден көчүп келген Жолон Исмаилов өзүнүн огородунда кыйыштырылган гиластын бакчасын өстүрүүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ж.Исмаилов 1947 -жылы туулган, 8 жылдан бери пенсияда. Үй-бүлөсү менен ал Кара-Балта шаарына Баткен облусунан 2010-жылы көчүп келген. Ошол жактан кыйыштырылган гиластын көчөттөрүн ала келген.

Ал 8 сотых жерге 70 бак отургузуп, анын ичинен 46 көчөт кабыл алынган. 3 жыл өткөндөн кийин жаш көчөттөр түшүм бере баштаган.

«Баткенде дагы биз гиласты өстүрчүбүз. Ал жакта бир кг жемиш 65 сомдон 100 сомго чейин сатылат. Ал эми Чүй облусунда анын баасы 200 сомго чейин жетет. Биз бул жакта дагы гиласты өстүрүүгө мүмкүн экендигин сынап көрдүк. Мага белгилүү болгондой Чүй облусунда Кара-Балта шаарынан башка жерлерде гилас өстүрүлбөйт. Бул бак үчүн Чүй облусунун климаты анча ыңгайлуу эмес. Бул жакта абдан ысык, Баткенде болсо салкыныраак. Бирок, буга карабай көчөттөр үчүнчү жыл катары менен түшүм берип жатат. Жакында биз гиласты жергиликтүү базарга алып чыгабыз деп ниеттенип жатабыз», - деп билдирди Ж.Исмаилов.

Бакчага Жолон баласы Азамат жана жубайы миенен кам көрүшөт. Гиластан тышкары, бул жакта анча чоң эмес участокто алар картошка, алма жана малина өстүрүшөт.

«Жасаган ишиңди жакшы көрүп аткарсаң, ал өзүнүн жакшылыгын берет жана үй-бүлөнү багат. Мен өзүм өмүр бою Баткенде иштегем, бак өстүрүүчүлүк жөн гана кызыгуу болчу, эми бул билимдер дагы кирешелүү бизнес курууга жардам берип жатат», - деп билдирди ал.

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×