Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.05.2015 10:47

Жеңишке 70 жыл: Кара-Балтадагы №11 мектептин окуучулары жана жамааты жалпы мектептик иш-чара өткөрдү

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы №11 орто мектепте класстык эмес, жалпы мектептик иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага 1-класстан 11-класска чейин окуучулар жана жалпы мектеп жамааты катышты. Ошондой эле, шаардагы согуштун, эмгектин ардагерлери жана концлагердин туткундары чакырылды. Алардын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Нестеров Павел Петрович, концлагердин туткуну Сабурова Анна Петровна жана эмгек ардагери Кабанова Любовь Васильевна, Маховская Мария Ивановна бар.

Иш-чара ата-энелер менен бирге даярдалган. Катышуучулар бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин сахнада согуш учурундагы ырларды, обондуу ырларды угушту. Ошондой эле, келген конокторго белектер тапшырылды. Окуучулар болсо ата-энелерине Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу айтып беришти.

Кабарчы билдиргендей, салтанаттуу иш-чаранын алкагында: стенд даярдалып, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу баяндамалар жазылган буклеттер чыгарылып, бурчтар уюштурулуп, тематикалык класстык сааттар жана сынактар өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×