Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.04.2015 17:27

Кара-Балтада КВНчилердин жарым финалдык мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында жайгашкан Ленин атындагы маданият үйүндө шаардагы КВНчилердин жарым финалдык мелдеши өттү. Мелдешке «Унесенные ветром», «Ассорти», «Трое сверху», «Позитив» командалары катышып, мелдештин программасы саламдашуу, музыкалык номур (үй тапшырма) жана биатлон (текст түрүндөгү тамаша) тапшырмаларынан турду.

Жарым финалдык оюн эркин темада болгондуктан, командалар Кара-Балта шаары, Кыргызстан жана саясатка байланышкан тамашаларды алып чыгышты.

Оюндун жыйынтыгы менен катышуучулардын ичинен «Ассорти» командасы финалга тандалды. Лидер үч команда беттеше турган финалдык оюн 16-майда болот.

Шаардык маданият үйүнүн жетекчилигинин айтымында, КВН оюну жаштар арасында өзгөчө популярдуу боло баштады. Мурда командалар мектеп, лицейлердин атынан чыкса, азыр курама команда түзүп ойноп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×