Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.04.2015 11:28

Кара-Балта шаарында сантехниктерди окута турган бюджеттин эсебиндеги жалгыз тайпа ачылды

Turmush -  Кара-Балта шаарында бюджеттин эсебинен сантехниктерди окута турган жалгыз тайпа ачылды.

Маалым болгондой, №105 кесиптик лицейинин базасында ачылган сантехниктер тайпасында 18ден 22 жашка чейинки 15 студент акысыз билим алат.

«Шаарда сантехниктерди даярдай турган окуу жай жок болгондуктан сантехниктер факультетин ачалы деп чечтик. Лицейде болочок сантехниктердин сабактарына жана практикаларына керек болчу жабдыктар менен камтылган база түзүлдү. Бизде компьютерлер, проекторлор бар, сабак өтүү учурунда инновациялык технологияларды колдонобуз», - деди №105 кесиптик лицейинин директору Гуля Молдокулова.

Лицей жетекчилигинин айтымында, келээрки жылга бул тайпаны кеңейтүү иши пландалып жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Жакшы окуган студенттерге стипендия берүү каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×