Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.04.2015 10:06

Жайылдын Кара-Суу айылында «Ыр кесе-2015» фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Суу айылында элдик көркөм чыгармачылык фестивалы болуп өттү.

Айылдагы мектеп окуучуларынын жана өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын катышуусундагы «Ыр кесеге»  калыстар тобу, вице-мэр Эмил Орозбаков, Кара-Балта шаарынан келген коноктор жана райондук администрациянын өкүлдөрү катышты.

Калыстар тобунун төрайымы акимдин орун басары Анаркүл Ниязова болду. Фестивалдын программасында ыр, бий, манас айтуу жана дастан айтуулар орун алды. Андан сырткары жергиликтүү тургундар улуттук буюмдардын көргөзмөсүн уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×