Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 13.04.2015 13:32

Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында Чүйдөгү кесиптик лицейлерде окутуучулардын кесипкөйлүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурула баштады

Turmush -  Чүй облусунун кесиптик-техникалык лицейлериндеги окутуучулардын кесипкөйлүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурула баштады.

Кара-Балта шаарындыгы №105 кесиптик лицейинин директору Гуля Молдокулованын айтымында, акыркы убактарда окутуучулардын адистик даярдыгы чоң мааниге ээ болууда. Бул боюнча март айынын аягында Чүй облусунда кесиптик-техникалык багытта билим берген 14 мекеменин башын бириктирген, «Билимдин сапатын жакшыртуудагы окутуунун инновациялык ыкмалары» деген темада семинар өткөрүлдү.

«Биздин жамаат билим берүүдө ар кандай ыкмаларды колдонуп жатат. Алсак, лицейде заманбап программа жана эмгектерди пайдалууга шарт түзгөн электрондук китепкана жайылтылып жатат. Учурда эмгек базарындагы атаандаштык күч алууда, биздин максат жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруу болуп саналат. Мындан тышкара, кесиптик лицейлерде билим берүүнүн бюджеттик негизде болушу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын билим алуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзөт», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×