Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.04.2015 15:32

Бир катар диаспоралардын катышуусунда Кара-Балтада өткөн «Ыр кеседен» фоторепортаж

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндөгү «Ыр кесе» менен Жайыл районунун 12 айыл өкмөтүндө өткөн фестиваль жыйынтыкталды.

Анын жүрүшүндө 19 катышуучу вокал, фольклордук номурларды, бийлерди аткарып, эдик музыкалык аспаптар ойнолду. Ошондой эле катышуучулардын катарында акын жана дастанчылар да болду.

Фестивалга Кара-Балта шаарындагы бардык улуттардын диаспоралары катышып, алар дагы кыргыздын улуттук элдик чыгармаларынан аткарып беришти.

Маданият үйүнүн залына боз үй орнотулуп, анын ичи да улуттук буюмдар менен кооздолду. Ошондой эле, кыргыз элинин меймандостугун чагылдырган дасторкон даярдалды.

Фестивалды жыйынтыктаган иш-чарага райондун акими, мэр, айыл өкмөттүн жетекчилери жана башка меймандар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×