Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.03.2015 16:55

Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүнүн имиджин көтөрүү керектиги сунушталды

Turmush -  Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүнүн имиджин көтөрүү керек. Бул тууралуу Кара-Балта шаарында өткөн тегерек столдо туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнча экспертизанын аймактык борборунун директору Чынара Садыкова билдирди.

Анын айтымында, аталган мекеме тарабынан 2009-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында кесиптик-техникалык лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 75%ы ишке орношот.

Ч.Садыкова белгилегендей, учурда бир дагы жогорку окуу жай иш менен камсыз кылууда мындай көрсөткүчкө жетише элек. Анын айтымында, биринчи кезекте жаштарга диплом эмес, алардын колдорунан эмне келет, кантип акча табуу керектигин үйрөтүү керек.

«Эгерде бир адам кесипкөйлүк деңгээлде бир иш кылса, анда ал ошол эмгеги үчүн акы алат. Бүгүнкү күндө кесиптик техникалык лицейлер жумушчу адистерди даярдап жатышат», - деди ал.

Анын айтымында, кесиптик-техникалык билим берүүнүн имиджин өнөктөштүк иш аракеттер аркылуу көтөрсө болот. Бул иш менен жеке эле кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги алектенбеши керек. Буга потенциалдуу иш берүүчүлөр дагы катышуулары керек.

«Учурда жаш абитуриенттер адегенде кесиптик лицейлерде билим алып, адистикке ээ болуп, анан өздөрүнүн андан аркы жөндөмүнө жараша ЖОЖдорго тапшырып, билим алууну улантуулары керек», - деп кошумчалады Ч.Садыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×